Жеке маалыматты сактоо үчүн тиркемелер

Бүгүнкү күндө жеке маалыматты сактоо медиа адистердин маанилүү жөндөмү болуп саналат. Маалыматтын коопсуздугун камсыз кылган 5 тейлөөнү сунуштайбыз.

1.Two Factor Auth (веб-тиркеме): аккаунттарыңызды эки жолу жабыңыз!

Эки факторлук аутентификация (2FA) онлайн-аккаунт үчүн зарыл коргоо каражаты катары популярдуу.

Two Factor Auth сайтында эки факторлук аутентификациясы бар же жок бардык вебсайттар чогулган, ошндой эле алар 2FA нын кандай түрү менен дал келгени көрсөтүлгөн. Мисалы, сиздин экинчи факторуңуз аппараттык же программалык болуп жана алуу жолу менен айырмаланышы мүмкүн: СМС, тел., электрондук дарек аркылуу.

2.IOT Scanner (веб-тиркеме): Сиздин аппаратыңыз интернет менен кандай иштешет?

Нерселердин интернети биздин жашообузду өзгөртүүгө убада берди. Сиздин нерселериңиз, мисалы, холодильник же смарт-телевизор ар дайым интернетке туташтырылган болсо, аларды хакерлерге ачык кылат.

IoT Scanner – коом үчүн сиздин кайсыл нерселериңиз ачык экенин аныктаган жөнөкөй аспап. Ал сиздин үйдөгү бардык нерселериңиздин IP-блокторун текшерип, Shodan маалымат базасына кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар экендигин көрөт.

«Check if I am on Shodan» (Мен Shodanда бар экендигимди текшерүү) кнопкасын баскандан кийин тереңирээк сканерлөө өтүңүз. Процесстин аягында жашыл чымчыкча пайда болушу керек.

3.Deseat.me (веб-тиркеме): Gmailди сканерлейт, сиз катталган жердин баарын издейт.

Бул же тигил тейлөөлөрдөн каттоо өтүү үчүн сиз, албетте, Gmailди колдоносуз. Эгер сиздин паролуңуз бирдей болсо, анда сиз коопту абалга туш келесиз.

Deseat.me Gmailге келген каттарды сканерлейт жана бир нече жылдын ичинде сиз катталган тейлөөлөрдү табат. Тиркеме өзүнүн серверине эч кандай маалымат жөнөтпөйт. Ошондуктан аны менен бир жолу колдонуп, сиз катталган бардык тейлөөлөрдү табыңыз жана сиз колдонбой калган аккаунттарды жок кылыңыз.

4.Privacy Badger 2.0 (Chrome, Firefox): EFF иштеп чыккан жеке маалыматты сактоо үчүн кеңейтмеси.

Сайттар ар дайым сизди аңдып турушат. Сиз кирген бардык баракчалар Facebook же Twitterде маалымат менен бөлүшсөңүз дагы, алар сизди карап турушат. Бул маалымат сиздин профилиңизди түзүп, аны жарнама берүүчүлөргө сатуу үчүн колдонулат. Сиз аны токтоткуңуз келеби? Анда сизге Privacy Badger керек.

Privacy Badger интернеттеги керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын коргогон коммерциялык эмес көз карандысыз Electronic Frontier Foundation тобу тарабынган иштелип чыккан.

Privacy Badger толугу менен акысыз.

5.Passlock (веб-тиркеме, Chrome, Android, iOS үчүн кеңейтмеси) бардыгы үчүн почтаны жөнөкөй коддоо.

Passlock – бул PGP (Pretty Good Privacy) стандарты үчүн кардар. Тиркеме сиз үчүн “кулпу” жана “ачкыч” жаратат. Сиз кулпуну башкаларга жөнөтсөңүз болот. Башкалар болсо кулпуну сизге жөнөтө турган каттарга колдоно алышат.

Демек, ачкыч сизде эле болгондуктан сиз гана кулпуну ачып, катты окуй аласыз. Эгер орто жолдон катты бирөөлөр кармап алышса, алар катты ача алышбайт, себеби аларда ачкыч жок.

Passlock почтасы бар смарфондордо дал ушундай иштейт. Ал колдонууга өтө жөнөкөй.

Makeuseof.com материалынын негизинде.

Comments are closed.