Журналистика боюнча колдонмонун автору «Интерньюс» уюмуна китебин тапшырды

Белгилүү журналист, медиа-эксперт жана тренер Султан Жумагулов кыргыз тилинде басып чыгарылган өзүнүн «Журналистикага жол» аттуу журналистика боюнча окуу куралын кең пейилдик менен бизге өткөрүп берди. Эми каалагандардын баарында бул колдонмону «Интерньюс» кеңсесинде акысыз алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Атактуу журналист жана публицист өзүнүн кесиптик ишмердигин «Ленинчил жаш» республикалык гезитинде кабарчы катары баштаган. Андан соң «Асаба» гезитинин редакциясында баяндамачы жана жооптуу катчы болуп иштеген.

Султан Жумагулов тогуз жыл бою «Би-би-си» радиосунун Бүткүл дүйнөлүк кызматынын кыргыз редакциясында кабарчы болуп, ошол эле учурда Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Британия институту менен кызматташып келген.

2010-жылдан тартып «Азаттык»радиосунун Бишкектеги кеңсесинин директору, ал эми 2013-жылы «ЭлТР» коомдук телеканалынын жетекчиси кызматтарын аткарган. 2014-жылдан 2015-жылга чейин Султан Жумагулов Кыргыз коомдук телерадиокорпорациясынын баш директору болуп эмгектенген.

Окуу курал «Медиа-өнүгүү борбору» коомдук кору, Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги жана Ош мамлекеттик университетинин профессору Каныбек Исаковдун колдоосунда даярдалган.

Comments are closed.