Юлия Мучник: «Тейбл-ток форматы арзан жана технологиялык жактан ыңгайлуу»

«Өзгөчө өңүт» программасынын болочок маектеринин негизги темалары иштеп чыгарылды. Ал турсун программаны өндүрүп чыгара турган жеңүүчү аныкталды. Мунун өзү үчүн Бишкекте 22-24-октябр күндөрү болуп өткөн чөлкөмдөр аралык «тейбл-ток» («дасторкон үстүндөгү маек, дасторкондогу маек») форматындагы семинар өбөлгө түздү.

Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болгон 17 катышуучулар гранттарды алуу максатында уюштурулган жарышка катышуу үчүн өтүнүчтөрүн берген. Башат программаларды өндүрүп чыгаруу боюнча трениңге катышуу үчүн төмөнкү 9 ЖМК тандалган: «Азия Плюс» маалымат агенттиги (Тажикстан), «ПроМедиа» коомдук кору, «XXI-муун» коомдук кору, «Ынтымак» КТРК, «Мульти-технологиялар» КК, «Антен-ТВ», «Сентябрь» ТРКсы (Кыргызстан), Информбюро.kz, «Эксклюзив» Басма үйү» ЖЧШ (Казакстан).

Тренердик милдетти россиялык журналист, теле-алып баруучу, Россиялык телевидение академиясынын академиги, «ТЭФИ» улуттук телевидение жарышынын төрт жолку жеңүүчүсү Юлия Мучник аткарды.

Аны менен бирге «Интерньюс» кызматкерлери Өмүрбек Сатаев, Курманбек Макешев, Ибрагим Хасан-Ахунов, Ержан Сулейменов жана Ольга Каплина да машыктыруучулар болушту.

Бул машыгуу учурунда иштеп чыгарылган программаларды баалоонун жыйынтыгына ылайык, калыстар тобу чакан гранттар программасы боюнча каражаттарды «ПроМедиа» коомдук коруна (Кыргызстан) бөлүп берүүнү чечти.

«Мында айта кетчү бир жагдай, «Интерньюс» үчүн бул бүжети чакан программаларды өндүрүп чыгаруудагы нускалуу жаңы долбоор, анткени «тейбл-ток» («дасторкондогу маек») форматы дал ушундай программалардын катарына кирет», — деп белгилейт Өмүрбек Сатаев.

Бөлүнүп берилген грант, өлкөнүн ичиндеги коомдун жана бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн турмушуна таасир эткен саясий, экономикалык жана социалдык темалар менен жагдайларды жума сайын чагылдырып турган «тейбл-ток»торду («дасторкондогу маек»терди) иштеп чыгарууну көздөйт. Телепрограммалардын узактыгы 25 мүнөт түзөт.

Юлия Мучниктин оюнча, бул машыгуу натыйжалуу жана жемиштүү болду: «Менимче, биз бул ирет жалпы эле Орто Азиянын үч өлкөсү үчүн актуалдуу болгон темалар боюнча ток-шоуларды иштеп чыгарууга арналган укмуш натыйжалуу трениң өткөрдүк. Кыска эле мезгилдин аралыгында бүтүндөй технологиялык процесс негизинен өздөшүрүлдү. Бул оңой-олтоң болгону жок, себеби мында катышуучулар үчүн бейтааныш болгон жаңы технологияларды – скайп байланышын пайдаланып ток-шоуну колдондук».

Окуунун биринчи күнү, 22-октябрда, катышуучулар теорияны окуп, тагырак айтканда, маекти кантип даярдаш керек, анын өзгөчөлүктөрү, «тейбл-ток» деген эмне, анын форматы жана программаларды өндүрүүнүн кадамдары жөнүндө маалымат алышты. Катышуучулар ошондой эле техниканы иштетүүнү – болуп жаткандарды скайп аркылуу сүрөткө тартып, бир нече студияларды техника аркылуу туташтырууну үйрөнүштү.

Экинчи күнү катышуучулар түздөн-түз теманы тандап алып, «тейбл-ток» («дасторкондогу маек») түрүндөгү программаны тартууга киришти. Бул толук кандуу, иш жүзүндөгү көнүгүү болду: ар кандай студиялар менен байланыш түзүлдү, кадимки эле эксперттер тартылды, маектер жазылды, скайп аркылуу Каракол шаарына байланышты, программа тартылып башталды жана сурап билүү жүргүзүлдү. Башкача айтканда, экинчи эле күнү дээрлик толук кандуу программа даярдалып бүттү.

Окуунун үчүнчү күнү бардык төрт топтун иштерин көрсөтүп тааныштырууга арналды. Катышуучулар өз программаларын көрдү, алар ошондой эле Юлия Мучник жана башка машыктыруучулардын да түшүндүрмөлөрүн угушту.

«Жалпы-жонун алганда, катышуучулар өздөрүн сынап көрүштү. Бул трениң бизге ушул идея аны ишке ашырууга жарактуу экендигин түшүнүп, ынанып калууга мүмкүнчүлүк берди. Ооба, аны техникалык жактан да, журналисттик өңүттөн алып караганда дагы жүзөгө ашырууга болот», — деп кошумчалайт Өмүрбек Сатаев.

«Үч күндүк семинардын жүрүшүндө ага катышкандар, видео, эксперттердин түшүндүрүүлөрү, сүжеттер жана графика сыяктуу көптөгөн ар түрдүү элементтерди камтыган 4 толук кандуу программаларды даярдоого жетишти. Менимче, бул форматтын келечеги кең, анткени аны өндүрүп чыгаруу кымбатка турбайт, ал технологиялык жактан ыңгайлуу, эң башкысы – ал адамдарды жана өлкөлөрдү бириктирүү, өз ара пикир алмашууга мүмкүндүк берүү, түшүндүрүү, талдоо, айтор, турмушубузду жакшы жакка өзгөртүү болуп саналган негизги журналисттик милдетти аткарууга жардам берет. Бул семинардын катышуучулары жана уюштуруучуларына мен жеке өзүм ээ болгон баа жеткис тажрыйба үчүн да, жакшы аткарган иши үчүн да алкыш айтамын», —деп жыйынтыктайт Юлия Мучник.

Чакан гранттардын максаттары — Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан эркин жалпыга маалымдоо каражаттары арасында, коомчулук үчүн маанилүү болгон программаларды биргелешип иштеп чыгарууга түрткү берүү жана ошол программалоодон алмашуу.

Ушул долбоор Борбор Азиядагы «Internews» өкүлчүлүгү тарабынан АКШ Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосунда ишке ашырылып жатат.

Comments are closed.