Интерньюс Нетуорk – Кыргыз Республикасында 1995-жылдан бери иштеп келе жаткан коммерциялык эмес уюм. Бул эларалык уюмдун өкүлчүлүгүнүн башкы лозунгу — «Жергиликтүү үндөр. Глобалдык өзгөрүүлөр».

Интерньюс уюму 1982-жылы уюшулган жана анын башкы бөлүмү Арката шаарында (АКШ, Калифорния штаты) жайгашкан. Интерньюстун өкүлчүлүктөрү дүйнөнүн 70ке жакын өлкөсүндө иштейт. Орто Азияда Кыргызстандан тышкары Казахстан менен Таджикистанда өкүлчүлүктөрү бар.

Интерньюстун башкы миссиясы — жергиликтүү калкты өлкөдө жана андан тышкары болуп жаткан окуялар тууралуу өз убагында кабардар кылуучу Кыргызстандагы эркин, сапаттуу жана объективдүү журналистиканын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү.

Басма сөз, телерадио жана Интернет басмаларынын журналисттери үчүн тренингдерди өткөрүү менен Интерньюс жергиликтүү ММКнын деңгээлин жана маалымат берүүнүн сапатын көтөрүүнү көздөйт.

Жергиликтүү телеканалдарда акысыз көрсөтүлүүчү бир катар телепрограммалар Интерньюстун кеңсесинде даярдалат. Ошондой эле, Интерньюс бир катар жергиликтүү көз карандысыз телеканалдарга каржылык колдоо көрсөтөт.

Акыркы жылдары Интерньюс Нетуорктун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү өлкөдөгү жаңы медиа тармагынын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурууда.

Интерньюстун башкы донорлору — USAID, АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Европалык комиссия.